• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Сузактын бир нече айылдарында сел жүрүп, жалпы 907 турак үйгө суу кирген

11 Бугу 2022 18:06 Бишкек Govori.TV

Сузактагы турак үйлөрдү сел калдыктарынан тазалоо иштери аяктап калды. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, ушул жылдын 4-майында жааган жамгырдын кесепетинен Жалал-Абад облусунун Сузак районунун бир нече айылдарында сел жүрүп, жалпы 907 турак үйгө суу кирген. Кырсык катталган күндөн тарта үзгүлтүксүз тазалоо аракеттери көрүлүп жатат. Бүгүн, 11-майга карата калган 15 турак үйдүн короо жайларын тазалоо жумуштарын бүткөрүү пландалган.

Анын алкагында айлана-чөйрөнү залалсыздандыруу аракеттери да көрүлүүдө. Абалды КР президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев көзөмөлгө алып, күн сайын селден жабыркаган айылдарды калыбына келтирүү боюнча штабдын жыйынын өткөрүп, тийиштүү тапшырмаларды берүүдө.

Табият кырсыгында Барпы, Атабеков, жана Сузак айыл аймагынын бир нече айылдарында жүргөн сел 907 турак үйдү каптап, андан 491 үйдүн ичине чейин суу кирген. Түзүлгөн комиссия 10-майга карата 23 үйдү жараксыз деп тапкан. Ага кошо дагы 20 үйдү көзөмөлгө койгон. Алар боюнча да 15-20 күндүн ичинде чечим чыгарылат. Учурда тактоо иштери уланууда.

Количество просмотров: 134