• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

Свердлов районунун акими болуп Мурат Осмонов дайындалды

21 Үчтүн айы 201915:34 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 21.01.2019. Govori.TV.

Бишкек шаарындагы Свердлов райондук администрациясынын башчысы — аким болуп Мурат Осмонов дайындалды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Тиешелүү буйрукка мэр Азиз Суракматов кол койгон.

Мурат Осмонов кесиби боюнча физик-инженер жана юриспруденция багыты боюнча билими бар. Буга чейин ал Сокулук районунун администрациясынын аппаратын жетектеген.

Количество просмотров: 11