Бишкектин четинде жайгашкан Ак-Жар конушунун тургундары митингге чыгышып, дөңгөлөктөрдү өрттөштү. Бул тууралуу видеолор социалдык тармактарда жайгаштырылды.
Маалыматка ылайык, конуштун тургундары электр энергиясынын системалык түрдө өчүп жатканына нааразы болушууда.
Кошумчалагандай окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барышкан.