• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Сыдыков: «Чек ара чечилиш керек болчу, чечилди!»

5 Жалган куран 202512:45 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 5-марттагы ЖКнын жыйынында депутат Султанбай Айжигитовдун кыргыз-тажик чек арасы тууралуу сөзүнөн кийин бир нече депутаттар Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасын тактоо боюнча бийликтин аракетин колдош керектигин айтышты.

Депутат Бактыбек Сыдыков чек ара маселесин чечүүдө эки өлкөнүн ортосунда жеңүүчү жана жеңилген тарап жок экенин айтты.

«Чек ара маселесин чечүүдө Кыргызстандын да жана Тажикстандын да элинин арасында нааразычылык болот. Кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссия төрт жыл иштеди. Комиссия кылган ишти баалашыбыз керек. Ал комиссиянын төрагасына, мүчөлөрүнө 5-10 жылдан кийин баа берилет. Мен жеке өзүм аларга ыраазычылык айтам», — деди депутат.

Количество просмотров: 189