• Жекшемби 28 Кулжа 2026
  • Воскресенье 28 Июнь 2026

Сыдыков мамлекеттик ишканаларды азайтып, жеке бизнести колдоону сунуштады

1 Тогуздун айы 202413:47 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Сыдыков мамлекеттик ишканалар экономикалык жактан жетиштүү пайда алып келбей турганын, анын ордуна жеке бизнеске көңүл буруу керектигин айтып чыкты.

Сыдыковдун суроосуна жооп берген Мамлекеттик мүлк фондунун төрагасынын орун басары Элдана Сатарова учурда 61 мамлекеттик ишкана бар экенин, мурдагыга салыштырмалуу азайганын билдирди.

Депутат мамлекеттик ишканалар ага салынган каражатты актабай турганын, ошол себептүү мекемелерди азайтуу керектигин белгиледи.

“Мурдагы чакырылышта алты мамлекеттик ишканадан башкасынын баарынын кереги жок, ошолорду сатпайсыңарбы деп айтып чыкканбыз. Дагы эле ошол алты ишкана 21 миллиард сомдук пайданы берип жатат. Кечирип койгула, биз дагы эле мамлекеттин ишкананы улам ачып жатабыз. Жеке секторго бергиле, жеке секторду өнүктүргүлө. Мына, “Кыргызиндустрияңар” эмне болуп жатат? Анын ичинде 18 ишкананын ичинде үчөө эле иштеп жатат деп угуп атам. “Кыргызтуризмдин” иши кандай ызы-чуу менен бүттү? Ушунун баары токтотолу”, — деди Сыдыков.

Финансы министри Алмаз Бакетаев мамлекеттик ишканалар өкмөткө дивиденд берип жатканын, 2023-жылы 18 миллиард, быйыл 21 миллиард сом түшкөнүн маалымдады.

Количество просмотров: 74