• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

“Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын жаңы лидери шайланды

6 Тогуздун айы 2022 11:09 Бишкек Govori.TV

Депутат Бакыт Сыдыков “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын лидери болду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Элмурза Сатыбалдиев билдирди.

Анын айтымында, “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын кезектеги жыйынында фракциянын лидери катары Бакыт Сыдыков дайындалды.

Эскерте кетсек, аталган фракциянын мурдагы төрагасы Нурланбек Шакиев Жогорку Кеңештин жаңы төрагасы болуп шайланган.

Белгилей кетсек, парламенттин мурдагы төрагасы Талант Мамытов Жогорку Кеңештин 5-октябрдагы жыйынында кызматтан кетип жаткандыгын билдирип, бул анын жеке чечими экендигин айтты.

Количество просмотров: 121