• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Сыйлоо аземинде Айсулуу Тыныбекова көзүнө жаш алды (Видео)

4 Баш оона 202119:34 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова Токио Олимпиадасында күмүш медаль алды.

Ал 4-августтагы финалда 62 килограмм салмакта жапониялык Юкако Каваи менен күрөшүп, 4:3 эсебинде жеңилип калды. Деген менен Тыныбекованы социалдык тармакта интернет колдонуучулары алкап жаткан кези.

Олимпиаданын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземинде Тыныбекова көзүнө жаш алганын көрүүгө болот.

Айсулуу Тыныбекова учурда 29 жашта. 2019-жылы өткөн дүйнө биринчилигинде чемпион болгон. 2020-жылдагы дүйнө кубогу мелдешинде да алтын медаль тагынган. Рио-2016 Олимпиадасына катышып, бешинчи орунга жеткен. Кыргызстандык балбан кыз Азиянын төрт жолку чемпиону.

Количество просмотров: 1995