• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Сыймык Жапыкеев ооруканага түштү

4 Үчтүн айы 2021 17:55 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандагы каржы полициясынын башчысы Сыймык Жапыкеев ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу ал өзү фейсбуктагы баракчасына жазды.

“Достор баары жакшы, сахар күчөп, бүгүн көтөрүлүп кетти, ден соолукка акыркы күндөрү катуу күч келип кетти (нерв). Сахарды бир да окумуштуу айыктара албай койду. Эч жериң оорубайт, бирок бүт органдарды жейт экен. Буюрса бир жума ден соолукту карап, анан ишке киришелик. Дарыгерге баш ийбесе болбойт, жаткырышты”, — деп жазган ал.

Эске салсак, “Чоң казат” партиясы менен шайлоого катышкан Сыймык Жапыкеев 2020-жылдын октябрындагы бийлик алмашуудан кийин Финполго жетекчи болгон.

Количество просмотров: 3568