• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Сыймык Жапыкеев өз дарегине айтылган сындарга жооп берди (видео)

18 Үчтүн айы 2021 10:20 Бишкек Govori.TV

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын (Финансы полициясы) жетекчиси Сыймык Жапыкеев социалдык тармактардагы “кызмат абалынан пайдаланып, акча талап кылып жатат” деген айыптоолорго жооп берди. Бул тууралуу Жапыкеев “Фейсбуктагы” баракчасында видео кайрылуу жасады.

“Айдап жүргөн унаамды эки жыл мурун эле алгам. Мегакомдун” жетекчиси Сыймыкка “Айфон” бериптир деп жатышат. Убагында бийликке алданган эмесмин, бир «Айфонго» алданбайбызго дейм. “Сыймык ичип-жеп жатыптыр” дегендер болбогон сөз. Биз иштеп жатабыз”, — деди Жапыкеев.

Белгилей кетсек, Сыймык Жапыкеев мурдагы прокуратура кызматкери. 6-октябрдагы саясий окуялардан кийин Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын жетекчиси болуп дайындалган.

Количество просмотров: 991