• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Сыймык Жапыкеевди издегендер көп

13 Тогуздун айы 202016:17 Бишкек Govori.TV

Бир нече күндөн бери «Чоң Казат» партиясынын мүчөлөрү Сыймык Жапыкеевди таба албай жатышат. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына аталган саясий бирикменин депутаттыгына талапкер Асхат Осмонов билдирген.

Анын айтымында, Жапыкеевдин телефону өчүрүлгөн.

«Биз аны бир нече күндөн бери таба албай жатабыз», — деп билдирген Осмонов.

Ошол эле учурда Жапыкеевдин Фейсбуктагы баракчасында 22 саат мурун «Карапайым эл министрлер кабинетинин жаңы башчысы Садыр Жапаровду колдойт» деп жарыяланган билдирүү пайда болгон.

https://www.facebook.com/permalink.php?story_fbid=1091374934650217&id=100013331617919

Эскерте кетсек, митингден кийин Сыймык Жапыкеев башкы прокурордун милдетин аткаруучу болгону тууралуу буга чейин маалыматтар тараган болчу.

Количество просмотров: 2005