• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Декабрь айында кайсы спектаклдер коюлат?

5 Бештин айы 2018 11:05 Бишкек Govori.TV
Бишкек.05.12.2018.Govori.TV
Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры декабрь айында коюлуучу спектаклдердин тизмесин жарыялады.
Бул айда жалпы театр көрөрмандарына 6 спектакль көрсөтүлүп, анын үчөө жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын негизинде коюлмакчы.
11-12-декабрь — «Кылым карытар бир күн», Чыңгыз Айтматов;
13-декабрь — «Саманчынын жолу», Чыңгыз Айтматов;
14-декабрь — «Чыңгызхандын ак булуту», Чыңгыз Айтматов;
18-декабрь — «Бакбергендин балпайган бактысы», Флорид Буляков
19-декабрь — «Көздөн учкан Ата Журт», Бексултан Жакиев;
20-декабрь — «Абийир кечирбейт»,
Токтоболот Абдумомунов.
Спектаклдер кечки саат18.00дө башталат.
Количество просмотров: 21