Жогорку чыңалуудагы линиянын бузулушунан улам Жайыл жана Панфилов аймактарынын калктуу конуштарынын бир бөлүгү, ошондой эле Төө-Ашуу ашуусу жарыксыз калган. Бул тууралуу «Түндүк электр» ААКтан кабарлашты.
Маалымат боюнча, бүгүн саат 14.12де Чүйдүн жогорку чыңалуудагы электр тармактар ишканасына таандык 110 киловольттук жогорку чыңалуудагы “Кара-Балта — ТЭЦ-К” электр чубалгысы “Кара-Балта” көмөкчордонунан авариялык өчүрүлгөн.
Кошумчалангандай, учурда оңдоо-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүп жатат.