• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Төө-Ашууда кар жаап, унаалар тыгыны жаралды

17 Чын куран 2023 12:32 Бишкек Govori.TV

Төө-Ашуу ашуусунда кар жаап, бороондон пайда болгон кар күрткүлөр тазаланып, инерттик материалдар себилүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, жеринде жолчулар жана атайын техникалар иштеп жатышат.

«Тынымсыз жааган кар жана бороондон улам азыркы учурда убактылуу тыгындар пайда болууда. Көпчүлүк унаалар жайкы дөңгөлөктөрүн тагышкан, ошондуктан аларга ашууга чыгуу кыйын болууда. Каттам ачык, унаалар аз-аздан өткөрүлүп жатат. Тыгын толук жоюла элек», деп айтылат маалыматта.

Кырдаалга жараша кошумча маалымат берилет.

Количество просмотров: 139