• Ишенби 2 Бештин айы 2023
  • Суббота 2 Декабрь 2023

Төө-Ашууда оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди

31 октября 2023 в 14:11 Бишкек Govori.TV

Жасалма тыгындарды болтурбоо максатында аба ырайы жана климаттык шарттар жакшырганга чейин Бишкек — Ош унаа жолундагы Сосновка постуна жана Төө-Ашуу ашуусунда оор жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө убактылуу чектөө киргизилди.

«Кыргызавтожол»мамлекеттик ишканасынан билдиришкендей, №9 жол тейлөө ишканасы тарабынан Бишкек — Ош унаа жолун кардан тазалоо жана инерттик материалдар менен толтуруу иштери жүргүзүлүүдө.

«Ошонун негизинде жолдордун ашуу тилкелерине бара жаткан айдоочуларга жайкы дөңгөлөктөрдү кышкы дөңгөлөккө алмаштырууну, дөңгөлөктөрдүн чынжырчаларын жана күрөктөрүн алып жүрүүнү сунуштайбыз», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 100