• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Төө-Ашууда жүк ташыган машинелерге чектөө кирди

23 Жетинин айы 2023 10:21 Бишкек Govori.TV

Бишкек-Ош жолундагы «Сосновка», «Арал» өткөрмө бекеттеринде оор жүк ташуучу автоунааларга чектөө киргизилди. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлагандай, чектөө бүгүн, 23-ноябрда таңкы саат 4:30дан тарта киргизилди. Буга аба ырайы кескин өзгөрүп, ашууларда бурганактап кар жаап жатканы себеп.

Маалыматка ылайык, учурда Бишкек-Ош жолунда кар катуу жаап жатат. Жол тейлөө ишканаларынын кызматчылары жолго кум, шагыл чачып, өздөрүнө бөлүнгөн аймактарды, ашууларды толук көзөмөлдөп жатат.

Министрлик алыс жолго чыга турган айдоочуларга унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырууну жана чынжыр салып алууну эскертүүдө.

Количество просмотров: 61