• Жума 25 Аяк оона 2020

Төкөлдөштө 29 жаштагы жаран 3 баштык баңгизат менен кармалды

14 августа 2020 в 15:45 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында баңгизатты мыйзамсыз түрдө сактап жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 6-август күнү Ленин районунун аймагында жаран баңгизаттын марихуана жанан гашиш түрлөрү менен алектенип жүргөнү боюнча билдирүү келип түшкөн. Натыйжада шектүү катары Төкөлдөш айылынын 29 жаштагы тургуну кармалган. Шектүү кармалганда 791 грамм өлчөмүндө үч баштык баңгизаты табылган.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. 29 жаштагы жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери жүрүүдө.

Количество просмотров: 164