Бишкек.15.01.2019.Govori.TV.
«Түкүрүк» боюнча айыппулдун көлөмүн өкмөт кайрадан карап чыгат. Бул тууралуу Кыргыз өкмөтүнүн вице-премьер-министри Жеңиш Разаков бүгүн, 15-январда күчүнө кирген жаңы кодекстер тууралуу маалымат берип жатып айтты.
«Премьер-министр өз пикирин айтты бул маселе боюнча. Биз дагы иштейбиз айппулдун көлөмүн төмөндөтү боюнча»,-деди Разаков
1-январдан тартып ишке кирген Бузуу жөнүндөгү кодекс автоунааларды туура эмес токтотуу, тамекини тыюу салынган жерде тартуу, коомдук жайларда түкүргөндөр, милицияга, өрт өчүрүү кызматына же тез жардамга жалган чакыруу, лифттерге зыян келтиргендер, коомдук жайларда элдин тынчтыгын бузгандар, таштандыны өрттөгөндөр же белгиленген жерге ыргытпагандар, көчөдөгү люктарды ачкандар, ит же мышык алып жүрүүдөгү эрежени сактабагандар үчүн айыппулдарды белгиледи. Айыппулдардын өлчөмү жеке адамдарга 1000 сомдон 7500 сомго чейин болсо, юридикалык тараптарга чегерилген сумма мындан да көп.