10-ноябрдан 11-ноябрга караган түнү жол кырсыгынан каза болгон акын Акжолтой Канат уулу менен жубайы Изарддын сөөгү Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районунун Ак-Сай айылында жерге берилди.
Маркумдарды акыркы сапарга узатуу зыйнатында митинг өттү.
Эске салсак, Акжолтой Канат уулу келинчеги жана достору менен Бишкектен Кочкор районуна бара жатып, 11-ноябрда жол кырсыкка кабылган. Акжолтой белгилүү акын Майра Керим кызынын кичүү уулу болчу.
Сүрөт «Турмуш» сайтынан алынды.