Кыргыз улуттук «Манас» театрынын айрым төкмө акын, дастанчыларына
«Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгиси ыйгарылды.
Тактап айтканда төкмө акындар Турат Жумаев, Кутман Садыбакасов, Кубат Тукешов,
Жылдызбек Төрөканов, Нурсултан Малдыбаев, дастанчылар Бакыт Акматов,
Нурсултан Кадыралиев, Калыбек Турганов, Ноорузбек Шабданбек уулу, Адилет
Абдыжапар уулу «Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгиси менен сыйланышты.
Сыйлыкты маданият министринин орун басары Темирлан Ажымалиев театрда өткөн
жалпы жыйында тапшырды.