• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ташкентте «Кыргыз айылы» ачылды

20 Теке 202413:24 Бишкек Govori.TV

Ташкент шаарындагы “Голубые купола” сейил багында Кыргызстандын Өзбекстандагы маданият күндөрүнүн алкагында “Кыргыз айылы” ачылды.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, анда кыргыз боз үйлөрү тигилип, улттук аспаптар, кол өнөрчүлүк, зергер буюмдары жана улуттук кийим кечелер орун алды.

Калаа тургундарын суктандырган “Кыргыз айылы” 2 күн орун алып, кыргыздын улуттук дөөлөттөрүн тааныштырат.

Теги:
Количество просмотров: 225