• Дүйшөмбү 29 Бугу 2023
  • Понедельник 29 Май 2023

Төлөбөсөк өлөлүбү! Өкмөт конституция аркылуу жакырчылыкты жокко чыгарды

24 апреля 2023 в 22:52 Бишкек Govori.TV

Статистикалык комитеттин маалыматына ылайык, учурдагы минималдык жашоо куржуну 7 501 сомду түзөт. Башмыйзамдын 44-беренесинин 2-бөлүгүндө, «пенсия, социалдык жөлөк пулдар жана башка социалдык жардам мыйзам менен белгиленген жашоо минимумунун өлчөмүнөн төмөн эмес жашоо деңгээлин камсыз кылат»-деп жазылып турат.

Ага карабай бул талап, Кыргызстанда сакталбайт. Алсак, пенсионерлердин алган акчасы бир айлык керектөөсүн камсыз кыла албайт.

Буга чейин, бул маселе Жогорку Кеңеште дагы көтөрүлүп, ага Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бул талапты аткарууга казнада акча жок экенин айтып, «төлөй албасак өлөлүбү?!»,-деп кекеткени да бар.

Бул тууралуу Конституциялык сот, Баш мыйзамдын 44-беренесине түшүндүрмө берди. Анда пенсия өлчөмү экономикалык шартка байланыштуу экенин белгилеп, Министрлер кабинети бул беренени кыйшаюусуз аткарууга милдеттүү эместигин белгилеген чечим чыгарган.

Конституциялык сот Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 44-беренесинин 2-бөлүгүнүн конституциялык-укуктук мазмуну, пенсиялардын, социалдык жөлөкпулдардын жана башка социалдык жардамдын өлчөмүн аныктоо өлкөнүн экономикасынын абалына жана мүмкүнчүлүктөрүнө тике көз каранды болбой коюушу мүмкүн эмес, демек, “мыйзам менен белгиленген жашоо минимумунун өлчөмүнөн төмөн эмес жашоо деңгээлин камсыз кылат” деген сөздөр менен берилген ченемдик жобо мамлекет тарабынан пенсия, социалдык жөлөкпулдар жана башка социалдык жардам мыйзам менен белгиленген жашоо минимумунун өлчөмүнөн төмөн эмес өлчөмүн белгилөө мамлекеттин түздөн-түз милдеттенмеси катары түшүнүүгө болбойт, ал мамлекеттин конституциялык-маанилүү милдетти жеткире аткаруу аракетин көздөгөн максаттуу багыты катары каралыш керек деп чечти.

Конституциялык соттун мындай чечимин депутат Адахан Мадумаров сынга алды.

Эл өкүлү Марлен Маматалиев өкмөт бул талапты бир заматта аткарбаса дагы, белгилүү бир убакта ишке ашыра туруунун үстүндө иш алып барса болмок. Башмыйзамда жазылган талапты аткарбаса мамлекеттүүлүккө шек келип калат дейт.

Количество просмотров: 696