• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Түлөбаев: Биз эмне мыйзам жазбай эле өкмөттүн филиалы болобузбу?

5 Кулжа 2023 11:07 Бишкек Govori.TV

«Биз эмне мыйзам жазбай эле өкмөттүн филиалы болобузбу?». Бул тууралуу Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү комитетинин 5-июндагы жыйынында депутат Балбак Түлөбаев айтты.

Белгилей кетсек, комитет «Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» мыйзамды өзгөртүү тууралуу долбоорду карап жатат. Анда документтин авторлорунун бири Марлен Маматалиев жылуулук берилген маалда гана аба булгаган ишканаларды күтүүсүз текшерүү жобосу сунушталганын билдирди.

Ошондой эле жыйында өкмөт өлкөнүн өнүктүрүү программасына каршы келет деген жүйө менен бул сунушка терс корутунду бергени маалым болду. Мындан улам бир катар депутаттар аны сынга алышты.

Депутат Балбак Түлөбаев да өз пикирин билдирип, мыйзам долбоору өкмөттүн суранычынан улам сунушталып жатканын белгилеп, каршы пикирдин айтылышын туура эмес деп атады.

Соңку жылдары Бишкек айрыкча суук түшкөн маалда дүйнөнүн абасы эң булганган шаарларынын сап башына чыгып келет.

Количество просмотров: 178