Эртең 1500 маршрут чыкпай койсо, ачык эле айтайын шаардыктарды ташый албайм. Мындай пикирин бүгүн,19-январда Бишкек мэринин аткаруучусу Балбак Түлөбаев коомдук транспорттун айдоочулары менен жолугуп чыккандан кийин билдирди.
«Айдоочуларды да түшүнүү керек. Алар техникалык жабдыктар, күйүүчү май кымбат деп айтып жатышат. Эртеңки күнү 1500 маршрут жумушка чыкпай койсо, ачык эле шаардыктарды ташый албайм. Бирок бул маселени майга чейин чечүүгө аракет кылабыз. Айдоочуларды желмогуз катары көрбөгүлөчү», — деди шаар мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев.