Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев мэрияда өткөн жыйында кинотеатр менен фуд-кортторду ачууну сунуштады.
“Кинотеатр менен фуд-корттордун ээлери чоң чыгым тартып жатышат. Учурда борбор калаада абал өтө курч эмес. Эгер алар санитардык эрежелерди сактай турган болсо, кинотеатр менен фуд-кортторду ачууга болот”, — деди ал.
Аны менен бирге ал шаарда ресторан менен түнкү клубдар жабылбай турганын айтып өттү.