• Жума 12 Баш оона 2022
  • Пятница 12 Август 2022

Түлөбаев мектеп директорлору боюнча Ташиевге кайрылуу жасады

30 июня 2022 в 18:04 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев Бишкек шаарындагы мектеп директорлорун текшерүү керектигин айтып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылуу жасады.

Анын айтымында, кааладагы айрым мектеп директорлору өзүн хан сезип алышкан.

«Бишкекте 100гө жакын мектеп бар, алардын айрымдары хан болуп алышкан. Тепкен унаалары, батирлери жүрөгүңүз түшөт. Баары эмес айрымдары. Ошонун баарын текшертем, аягына чыгайын деп жатам. Өздөрү кетсин, 25-30 жылдан бери тажатып бүтүштү. Мага келип ыйлагандар болгон. 3000-5000 АКШ долларын сурап жатышат деп. Акча бере албасаң балаңды бала бакчага, мектепке орноштура албайсың. Бишкектин мектептериндеги директорлорду региондорго жибериш керек. Мен бул көйгөйдү көтөрө берем. Колумда далилим жок, ата-энелер бербей жатышат. Урматтуу Камчыбек Кыдыршаевич, Бишкектеги мектеп директорлорун көзөмөлгө алсаңыз сөзсүз колго түшүшөт»,-деди ал.

Количество просмотров: 3775

Мектеп окуучуларына бирдиктүү форма керекпи?

Жыйынтыгын көрүү

Биздин команда