Мамлекеттин жакшы долбоорлорун жеткирүү үчүн орус тилдүү бир канал керек. Мындай сунушту Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Түлөбаевдин айтымында, мамлекеттин долбоорлору татыктуу деңгээлде элге жетпей жатат.
“Кыргызстанда канча телеканал бар? Ошолордун бирин жалаң орус тилдүү кылуу керек. Мамлекеттин жакшы иштерин элге жеткирүү үчүн. Башка улуттар суранып жатышат. Биз түшүнбөй жатабыз деген жүйөлөрдү айтышууда”— деди ал.