• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Түлөбаев президент менен ЖКнын ортосуна үчүнчү күчтөр от жагып жатат деп эсептейт

26 Үчтүн айы 2022 12:18 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында кечээ президент кол койгон жарлыктын негизинде Кыргызстандын Украинадагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалган Идрис Кадыркулов тууралуу депутаттар бир катар нааразы пикирлерин айтышууда.

Жыйында сөз сүйлөгөн Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев комитеттин чечими башка, президенттин чечими башка болуп калганын сынга алды.

«Соңку учурда бийлик менен оппозицияны, президент менен парламенттин ортосуна от жаккан үчүн күчтөр барбы дейм да. Парламенттеги комитетти кечээки окуя менен сындырды да. Комитеттин чечими башка, президенттин чечими башка болуп калды. Муну кандай түшүнсөк болот? Эми азыр да, өткөн Жогорку Кеңештин комитети чечим кабыл алган маселени кайра алып келип атасыңар? Кичине мыйзамды өзүбүз сактабайлыбы? Анда 6-чакырылыштын көп чечимдерин жокко чыгаралы анда», — деди депутат.

Количество просмотров: 990