Балбак Түлөбаев Ысык-Көл облусунун башчысы тууралуу бир күн мурда айткан сын сөздөрүн артка алды. Бул тууралуу депутат парламенттин бүгүн, 25-январдагы жыйында билдирди.
«Ысык-Көл облусунун башчысы иштейби, иштебейби деп чын айттым эле. Ошол сөзүмдү кайра артка алам. Облустун башкы планы Мамкурулшта экен, ал боюнча сүйлөштүк. Жакында парламентке алып келе турган болду. Бири-бирибизди туура эмес түшүнүп алыптырбы. Муну моюнга алуу керек», — дейт Түлөбаев.