• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Түлөбаев: Жасалма диплом менен эч кимдин иштөөгө акысы жок

16 Жалган куран 2022 15:35 Бишкек Govori.TV

Жасалма диплом менен эч кимдин иштөөгө акысы жок. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев билдирди.

«Баары мыйзам чегинде болуусу шарт, ансыз болбойт. Эгерде дипломун мыйзамсыз алса иштей албайт. Бул демилгенин өзү туура. Текшериш керек, убакыт келди. Бирок дипломдун айынан өз жанды кыюунун кереги жок»,-деди депутат Түлөбаев.

Эске салсак, УКМК мамлекеттик мекеме-органдарда иштеген кызматкерлердин дипломдорун жапырт текшерүүнү январдын аягында баштаган жана бул өнөктүк үч айга созулат деп билдирген. Атайын кызмат жасалма диплому бар дегендердин аты-жөнүн ачык жарыялай элек.

Количество просмотров: 417