• Бейшемби 7 Бештин айы 2023
  • Четверг 7 Декабрь 2023

Төлөева: Эл ичиндеги көйгөйлөрдү жалпы жапа тырмак эл менен чечүү керек

19 февраля 2023 в 14:19 Бишкек Govori.TV

17-18-19-февраль күндөрү “GOVORI.TV” мультимедиалык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” телевизиондук ток-шоусунун алкагында кезектеги окутуу иш-чарасын өткөрүп жатат. Ага Ош, Жалал-Абад, Чүй, Талас, Бишкек, Баткен, Нарын, Ысык-Көл облустарынан жалпы 17 айым келген. 7 дубандан келген айымдардын ичинде мамлекеттик кызматкерлер, жергиликтүү кеңештин депутаттары,мугалим, жарандык активисттер жана жеке ишкерлер бар.

Алардын бири 46 жаштагы Замира Төлөева, ал Талас районунан келген.

«Билим берүү тармагынан өсүп-өндүм десем жаңылышпайм. 24 жыл мектепте иштедим, анын ичинен 8 жыл жетекчиликте эмгектендим. Мектепте негизги эле билим сапатын көтөрүү башкы максат болчу, акырындап буга да жеттим. Кайсы гана мектепке жетекчи болуп барбайын материалдык базасын чыңдап, ата-эне, балдар, мугалимдер менен иш алып барууда ийгиликтерге жеттим. Азыркы күндө үчүнчү жолу депутат болуп шайландым, анан эки жылдан бери айыл өкмөттө жетекчи болуп иштеп жатам. Элдин көйгөйүн чечүү менен алек болуп жатабыз, алдыда дагы максатым ошол», — деди ал.

Количество просмотров: 72