• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Түлеев шайлоого аттанды

28 Бирдин айы 2021 15:18 Бишкек Govori.TV

Бишкектин мурдагы мэри Нариман Түлеев шайлоого аттанды. Бул тууралуу ал өзү фейсбук баракчасына жазды.

«Биздин борборубуздун тагдырына мен кайдыгер боло албасымды сиздер билесиздер. Азыр мэриянын тегерегинде эмнелер болуп жаткандыгын байкап, биз жаш, дымактуу кесипкөй командабыз менен «Ак Бата» партиясынын катарында Бишкек шаардык кеңешине шайлоого катышууну чечтик.

Кечээ партиялаштар, санаалаштар менен бирге курултай өткөрүп, баарыбыздын сүйүктүү шаарыбыз болгон Бишкектеги абалды талкууладык, кырдаалдан кандайча чыгуу жолдорун издедик.

Акыркы нааразычылык окуялары аң-сезимдүү болду. Так ошондой прогрессивдүү ойлонгон жаштар жаңыча саясат жүргүзүүнү көтөрүп чыгышты. Биз ушул себептен «Ак Бата» партиясына ушундай жаштарды жыйнадык.

Жакынкы күндөрдө борбордун ар бир жашоочусунун жашоо сапатын жакшыртуу боюнча биздин пландарды жана программаларды сиздерге айтып беребиз», — деп жазган ал.

Количество просмотров: 696