• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Түлеевге карата чыккан соттун өкүмү жокко чыгарылды

9 Бирдин айы 2021 18:03 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын экс-мэри Нариман Түлеев Жогорку Сот иштин бардык жагдайларын иликтеп чыгып, ага карата үч инстанциянын тең соттуулугун жокко чыгаруу чечимин чыгарган. Бул тууралуу ал өзү соцтармактагы баракчасына жазды.

«2012-жылдан бери мен акыйкаттык үчүн күрөштүм. Күнөөсүз балдар үй-бүлөсүнөн алыс темир тор артында жатып калбасын деп, Жогорку Соттун чечиминен кийин, мага келтирилген зыяндын ордун толтурдум, бирок ошондо дагы мен баарына өз күнөөмдү мойнума албаганымды айттым. Жаза мөөнөтүн өтөп бүткөндөн кийин, мен күрөштү токтоткон жокмун, биз сотко кайрылып, күнөөсүз экенибизди далилдедик, эми акыры, тарыхый күн келди. Жогорку Сот бир нече айдын ичинде иштин бардык жагдайларын иликтеп чыгып, үч инстанциянын тең – борбордун Ленин райондук сотунун, Бишкек шаарынын жана Жогорку соттун өкүмүн жокко чыгаруу жөнүндө чечим чыгарып, аларды жөнөттү Ленин сотуна жаңы кароо үчүн. Жаңы экспертизада, мен дагы бир жолу күнөөсүз экенибизди далилдейбиз», – деп жазган Түлеев.

2012-жылы Түлеевге Кытайдан борборго автобустарды жана кар тазалоочу шаймандарды сатып алууда мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирген деген айып тагылган. 2013-жылы Ленин райондук соту экс-мэрди үй-мүлкүн конфискациялоо менен 11 жылга эркинен ажыраткан. Бирок, 2016-жылы Түлеев мунапыска туш болуп, колониядан бошотулган. Ошондой эле, келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн мамлекетке 60 миллион сом өлчөмүндө айып пул төлөгөн.

Количество просмотров: 237