• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Түмөнбаев: Депутаттык мандатыбызды таштап, таркап кетели

4 Чын куран 2024 12:14 Бишкек Govori.TV

ЖК депутаты Акылбек Түмөнбаев депутаттарга мандатын тапшырып таркап кетүү сунушун берди. Ал мындай пикирин бүгүн парламенттин жалпы жыйынында айтты.

Бүгүн ЖКда Министрлер кабинети маалымат берип жатат.

Депутат жыйын учурунда айрым министрлердин маалыматы угулбай калганына нааразы болду.

«Жакшы иштер болуп жатат, бирок, жол көйгөйү боюнча ар бир депутат билет. Эгер Транспорт министринин, Айыл чарба министринин докладын уккуңуздар келбесе, ошол элдин көйгөйүн уккуңуздар келбесе, анда бул 7-чакырылыштын депутаттары мандатын таштап, тарап кетиш керек», — дейт депутат.

Количество просмотров: 563