• Шаршемби 10 Кулжа 2026
  • Среда 10 Июнь 2026

Түмөнбаев: Ысык-Көлдө 5 жылдыздуу мейманкананын курулушу башталды

16 Тогуздун айы 20239:29 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көлдө беш жылдыздуу мейманкананын курулушу башталды. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Түмөнбаев билдирди.

«Тилекке каршы көп убакыттардан бери туристтерге шарттар түзүлгөн жок. Союз мезгилинде курулган имараттардын кызмат көрсөтү мөөнөтү эбак эле бүткөн.

Акыркы эки жылда курулуш тармагы жанданды деп айтсам болот. Анын катарында эс алуучу жайлар, коттедждер, 5 жылдыздуу мейманканалар курулуп, оңдолуп жатат.

Бүгүн, Ысык-Көлдө дагы бир 5 жылдыздуу мейманкананын курулушу башталды. Бул заман талабына ылайык, бардык мүмкүнчүлүктөрү бар, сейил багы менен мейманкана болот.

Кыргызстан мындан ары мыйзам үстөмдүк кылган, ар бир жаран тартипке баш ийген, туристтер жана инвесторлор үчүн эң коопсуз өлкөгө айланат. Ийгилик, жакшылыктар болсун достор!», — деп жазды ал.

Количество просмотров: 336