• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Түмөнбаев Жапаровдун отставкасын талап кылды

29 Аяк оона 2022 12:34 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин 29-сентябрдагы жыйынында депутат Акылбек Түмөнбаев Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун жоопкерчилиги тууралуу сөз кылды.

«Баткенге тажиктер кол салбай эле, парламент кол салгандай болуп өкмөт биз менен кармашып, бизге каршы сүйлөп, парламентти жаман көргөзгөнгө аракет кылып жатат. Бул жерде биз бир эле президентке кайрыла бербейли. Министрлер кабинетинин төрагасы ар бир министр үчүн жооп берет да. Ар бир министрди «ушул татыктуу, ушул тармакты жөнгө салат» деп коюп жатат. Бүгүнкү күндө министрлер акча алып кармалып жатат, камалып, иш козголуп жатат. Буга өкмөт башчы жооп бериши керекпи? Ал отставкага кетиши керек. Ошол эле Кумтөрдү жетектеп жаткан Тенгиз Бөлтүрүктү Акылбек Жапаров «бул үчүн мен жооп берем» деп отургузду эле. Бүгүнкү күндө ал киши элге маалымат бербесин деп камап отурушат»,-деди Түмөнбаев.

Количество просмотров: 585