• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

«Т-Медиа» редакциясы коркутууга кабылды

21 Бирдин айы 202212:39 Бишкек Govori.TV

«Т-Медиа» редакциясы коркутууга кабылды. Бул тууралуу аталган сайтта маалымадалат.

Маалыматка ылайык, 19-февраль күнү саат 15:06 чамасында «Т-Медианын» кызматтык телефонуна белгисиз адам чалып, «редакциянын кеңсесин өрттөп кетем» деп коркуткан.

«Белгисиз адам, телефондон кээ бир кызматкерлердин, директордун аты-жөндөрүн сурап баштаган. Телефонду алган кызматкер ким экендигин, эмне максатта байланышып жаткандыгын сураганда коркутууга алган. Биздин редакция ошол эле күнү Ош шаардык ички иштер башкармалыгына арыз жазды. Милиция фактыны Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде каттады. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 106