• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

«Т-Медиа» редакциясын телефон аркылуу коркуткан адам кармалды

1 Жалган куран 202214:12 Бишкек Govori.TV

Оштогу “Т-Медиа” маалымат порталына телефон чалып, коркуткан адам кармалды. Бул тууралуу аталган редакция жазды.

Маалыматка ылайык, ал Жалал-Абад облусунун тургуну экени белгилүү болгон. Кармалган жаран жоругуна өкүнүп, журналисттерден кечирим сураган.

Эске салсак, 19-февралда «Т-Медианын» кызматтык телефонуна белгисиз адам байланышып, редакциянын кызматкерлери тууралуу маалымат сураган жана «кеңсеңерди өрттөп кетем” деп коркуткан.

Количество просмотров: 62