• Шаршемби 15 Теке 2026
  • Среда 15 Июль 2026

«Түндүк-Чыгыш» бажысы тарабынан автотранспорт каражаттарын жалган декларациялоо фактылары аныкталды

11 Баш оона 202520:53 Бишкек Govori.TV

«Түндүк-Чыгыш» бажысынын контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан үчүнчү өлкөлөрдөн ташылып келген автотранспорт каражаттарын бажы көзөмөлүнөн өткөрүүдө жалган декларациялоо фактылары аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын басма-сөз кызматы билдирет.

Кыргыз Республикасынын жарандарынын (Б.Б.Ж., А.А.Б., С.Н.Н., Х.Х.З.).  дарегине 7 даана «Toyota Corolla» үлгүсүндөгү унаалар келип түшкөн. Ошону менен бирге, бажы контролун жүргүзүүдө билдирилген чыгарылган жылы менен дал келбөө тобокелдиктери аныкталган.

Автоунаалардын стикерлеринде 2018-жылдын апрель айы көрсөтүлгөн, бирок Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызматтын адисинин корутундусуна, ошондой эле Кыргыз Республикасындагы «Toyota» унаасынын расмий дилери – «Автоцентр Перекресток» ЖЧКсынын маалыматына ылайык, бул унаалар 2018-жылдын январь айында заводдон чыгарылган.

Бул автоунааларды “Ички керектөө үчүн чыгаруу” жол-жобосуна жайгаштыруу учурунда төлөнүүчү бажы төлөмдөрүнүн суммасы 2 418 939 сомду түзөт.

Ушундай эле мыйзам бузуу фактысы КР жараны «Т.у.Б.» дарегине келген «Toyota Land Cruiser» үлгүсүндөгү унааны текшерүү учурунда да аныкталган. Стикерлерде 2019-жылдын июнь айын көрсөтүп турат, бирок расмий дилердин маалыматы боюнча, унаа 2017-жылдын март айында чыгарылган.

Төлөнүүчү бажы төлөмдөрүнүн суммасы 1 496 041 сомду түздү. Фактылар КБР МКЖ АДСке катталып, материалдар Мамлекеттик бажы кызматынын Тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилди.

Количество просмотров: 154