• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

«Түндүк электр»: Эртең карызы бар абоненттердин жарыгы өчүрүлөт

16 Аяк оона 2020 14:59 Бишкек Govori.TV

17-сентябрдан тарта, карызы бар батирлердин жарыгын өчүрө баштайт. Бул тууралуу «Түндүк электр» ишканасынан билдиришти.

Маалым болгондой, жарандар карызынан кутулгандан кийин гана кайра жарык берилет.

«Ыңгайсыздыктан жана жарыкты коштурууда ашыкча чыгымдан оолак болуу үчүн эсептерди убагында төлөөгө чакырабыз», — деп айтылат маалыматта.

Жарык үчүн төлөмдөрдү «Кыргыз почтасынан», терминалдардан аткарууга болот.

Количество просмотров: 64