Бишкек.29.04.2019.Govori.TV.
«Түндүк электр» ишканасынын РЭС бөлүмүнүн жетекчиси пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Финполдун басма сөз кызматы билдирди.
Буга чейин, Финполго Кыргызстандык жараан РЭТ бөлүмүнүн башчысы кызмат абалынан пайдаланып 50 миң сом талап кылып жатат деп арыз менен кайрылган.
“Ал көп кабаттуу үйдөгү короонун ичиндеги техникалык шарттарга бир оң чечим кабыл алуу, документтерге оң жыйынтык чыгаруу үчүн акча талап кылган. Паракорчулук далилдерди чогултуу үчүн атайын иликтөө иш-чаралары өткөзүлгөн”,- деп билдиришти ведомстводо.
Финполдун маалыматына ылайык, аткаминер бир айдын ичинде бир нече транш менен 50 миң сом алган.
2019-жылдын 27-мартында 5 миң сом, эки күндөн кийин 10 миң, ал эми 26-апрелде 35 миң сом берилгенин, ар бир алган акчасы Финполдун кызматкерлери тарабынан фото жана видеого түшүрүлгөнүн маалымдады.
Акыркы жолу аткаминер акча алып жаткан жеринен кармалды. Сотко чейинки териштирүү жүрүп жатат.