• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Түндө коменданттык сааттын шартын бузган 88 жаран кармалды

23 Чын куран 2020 9:08 Бишкек Govori.TV

Түндө коменданттык сааттын шартын бузган 88 жаран кармалып, 6 автоунаа токтотулган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, алардын ичинен Бишкек шаары боюнча – 56, Жалал-Абад шаары боюнча – 13, Ош шаары боюнча – 5, Нарын шаары – 5, Ат-Башы району боюнча – 7, Сузак району боюнча – 1, Кара-Суу району боюнча – 1. Ал эми Ноокат районунда тартип бузуулар катталган жок.

«Жалпысынан алганда 25-марттан баштап бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында 3255 жаран коменданттык саатты бузгандыктары үчүн милициянын кайгуул тобу менен кармалды. Алардын бардыгына коменданттык сааттын талаптары менен эрежелерин бузгандыктары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, экинчи кайталанбоосу эскертилип, коменданттык сааттын аякташы менен коё берилди», — деп айтылат маалыматта.

Ички иштер министрлиги жарандарды өзгөчө абалдын жана коменданттык сааттын талаптарын так аткарууга чакырат.

Количество просмотров: 70