• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Түндө милиционерлер боюнда бар аялды төрөт үйүнө жеткиришти

22 Жалган куран 2021 14:45 Бишкек Govori.TV

Милиция кызматкерлери боюнда бар аялды төрөт үйүнө тез арада жеткирүүгө жардам көрсөтүштү. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 22-мартта болжол менен 03:00 чамасында Бишкек ШИИББи боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери бөлүнгөн аймакта кайгуул кылып жаткан учурда, Жибек-Жолу жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинен такси кызматынын айдоочусу жардам сурап кайрылган. Ал унаада төрөтү жакындап айым бар экенин, эртерээк төрөт үйүнө жеткириш керек экендигин кабарлаган.

Бул көрүнүштү көргөн милициянын кайгуул кызматкерлери Турганбай уулу Шабдан жана Өмүрбек Алдаяров ошол замат чечим кабыл алып, боюнда бар айымды кызматтык унаага отургузуп, тез аранын ичинде Шопоков жана Москва көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан төрөт үйүнө жеткиришкен.

Көп өтпөй төрөт үйүнөн айымдын туугандары чыгып, сыртта турган кайгуул кызматкерлерине айым аман-эсен көз жарып алгандыгын айтып, кызматкерлерге ыраазычылыгын билдирген.

Количество просмотров: 247