Бишкектеги «Промзона» клубунда ок аткан шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, райондук милицияга Ж.Т. аттуу жаран кайрылып, 4-декабрга караган түнү болжол менен саат 03:30да Ч. Валиханов көчөсүндөгү түнкү клубда пикир келишпестиктен улам белгисиз адамдар травматикалык курал колдонуп, денесине залал келтиргенин билдирген.
Аталган факт каттоого алынып, Кылмыш кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголгон.
«Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында, шектүү катары 37 жаштагы З.М. жана 34 жаштагы М.В. аттуу жарандар кармалып, тиешелүү экспертизалар дайындалды»,-деп айтылат маалыматта.
Учурда шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, иликтөө иштери уланууда.