Кара-Көл шаарында “Түнкү өспүрүм” аталышындагы рейд жүрдү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 13-15-октябрь күндөрү Кара-Көл шаардык ички иштер бөлүмү тарабынан “Түнкү өспүрүм” аталышындагы алдын алуу иш-чарасы өткөрүлдү. Түнкү рейд учурунда коомдук жайларда өспүрүмдөрдүн чоңдордун коштоосуз жүрүүсү текшерилди.
«Рейддин жыйынтыгында 22:00дөн кийин коомдук жайларда жүргөн 12 өспүрүм аныкталып, материалдар шаардык мэриянын балдар менен иштөө комиссиясынын кароосуна жөнөтүлдү. Мындан сырткары 14-октябрь күнү Д.Шопоков атындагы №4 жалпы билим берүү орто мектебинде Кара-Көл ШИИБдин жетекчилиги, шаардын мэринин катышуусунда ата-энелер менен жолугушуу болуп өттү. Жолугушуу учурунда жашы жете электер арасындагы суидциддин, топтошуп коомдук тартип бузуулардын, кылмыштуулуктун, жашы жете электерге карата жасалган үй-бүлөлүк зомбулуктардын жана ар кандай укук бузуулардын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү»,-деп айтылат маалыматта.