• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Түптө 2,5 миң түк чөп күйүп кетти

31 Тогуздун айы 2022 12:40 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Түп айылында турак үйдүн короосунда 2 миң 500 түк чөп күйдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жерине Түп райондук өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн эки бөлүкчө тартылып, өрт толугу менен өчүрүлдү.

«Жалпы 2500 түк чөп жана 75 чарчы метр бастырма күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 200