• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Сузакта эки кабаттуу мал сарай толугу менен жана 600 түк чөп күйүп кетти

15 Теке 2021 15:23 Бишкек Govori.TV

Сузакта эки кабаттуу мал сарай толугу менен жана 600 түк чөп күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Үлгү айылында жайгашкан жалпы аянты 80 чарчы метр болгон эки кабаттуу мал сарай толугу менен жана 600 түк чөп күйгөн.

Өрттү өчүрүүгө эки бөлүм тартылып, саат 10:49да өрт курчоого алынып жана саат 12:26да толук өчүрүлдү.

Өрт электр зымдардын кыска туташуусунан чыккан.

Количество просмотров: 393