• Дүйшөмбү 30 Үчтүн айы 2023
  • Понедельник 30 Январь 2023

Ысык-Көлдө 900 түк чөп күйүп кетти

6 декабря 2022 в 18:26 Бишкек Govori.TV

Маалыматка ылайык, 5-декабрь күнү Ак-Суу районуна караштуу Кереге-Таш айлынын Жаздыбаев көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн короосунда чөп күйүп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Маалыматка ылайык, өрт саат 19:41де толук өчүрүлгөн. Тилсиз жоонун кесепетинен жалпы 900 түк чөп, 120 түк саман күйгөн.

Такталган маалыматка ылайык, өрт кырсыгынан жабыркагандар жок. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Количество просмотров: 56