• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Түптөгү үрөй учурган кырсык: Төртүнчү жигит ооруканадан каза болду

13 Чын куран 202111:48 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көл облусунун Түп районунда катталган үрөй учурган жол кырсыгынан дагы бир бала көз жумду. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Кырсык кечээ, 12-апрель күнү, саат 23:14тө Балыкчы — Ананьево — Каракол унаа жолунун 204-чакырымында болгон. Анда Toyota Camry жана Audi C4 сүзүшкөн.

Алгач 19-20 жаштагы үч эркек бала көз жумуп, дагы үч бала Түп райондук ооруканасына тез жардам аркылуу жеткирилгени кабарланган.

«Ооруканада жаткан 20 жаштагы Ж.Т. дагы каза болду», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 2460