• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Төрөбай Зулпукаров камакта калды

27 Теке 2021 14:16 Бишкек Govori.TV

Депутат Төрөбай Зулпукаров эки айга камакта калтырылды. Бул тууралуу анын жактоочусу Асылбек Кочкоров билдирди.

Жактоочу билдиргендей, тергөөнүн убактысы эки айга узартылып жаткандыктан прокурорлор соттон Зулпукаровду дагы эки айга камакта калтырууну суранган. Сот ал өтүнүчтү канааттандырган.

 «Райондук соттун чечимине арызданып Бишкек шаардык сотуна кайрылабыз»,-деди жактоочу.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков жана Төрөбай Зулпукаров 31-июлга чейин Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) тергөө абагына камалган. УКМКнын маалыматына ылайык, депутаттарга Кумтөр кениндеги коррупциялык иштерге байланыштуу Жазык кодексинин 319-беренесинин (Коррупция) негизинде айып тагылды.

Количество просмотров: 112