• Жекшемби 28 Кулжа 2026
  • Воскресенье 28 Июнь 2026

Төрөхан Жунусбековдун эмгек өргүү алып, Жапаровду үгүттөп жүргөнү сындалууда

21 Бештин айы 202017:29 Бишкек Govori.TV

«Альфа Телеком» компаниясынын директорунун кеңешчиси Төрөхан Жунусбековдун президенттикке талапкер Садыр Жапаровду үгүттөп жүргөнү сынга алынды.

Жергиликтүү маалымат каражаттарынын жазганына караганда, Жунусбеков 14-декабрдан тарта эмгек өргүүсүнө чыккан.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Гүлнара Журабаева, ошондой эле Фейсбуктун башка колдонуучулары Жунусбеков «MegaCom» мамлекеттик компаниясынын башкы директорунун кеңешчиси болуп туруп, «Шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамдын 15-бөлүгүнүн 22-беренесин бузгандыгын айтышууда.

Төрөхан Жунусбеков «Мегакомдун» жетекчисине кеңешчи болуп, 8-декабрда дайындалган. Буга чейин ал Бишкектин мэри болууга ниетин билдирип, нааразылык акцияларына катышкан.

Количество просмотров: 120